УКМК: Опузалоо боюнча Кадыр Досонов уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды

    Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Маалыматта, УКМК тарабынан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалышканы айтылат.
    Такталгандай, кармалгандар күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, 14 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен. Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 
    "Азыркы учурда кармалгандарга, Ош шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. 
    Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда.
    Ошондой эле, КР УКМК, жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.
    Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2023 02 07 at 12.36.54 УКМК: Опузалоо боюнча Кадыр Досонов уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды
WhatsApp Image 2023 02 07 at 12.36.54 1 УКМК: Опузалоо боюнча Кадыр Досонов уюштурган УКТ мүчөлөрү кармалды