Бишкекте гүл бакча куруу пландалууда

Борбор калааны көрктөндүрүү жана жашыл аймактардын санын көбөйтүү максатында Ю. Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде гүл бакча куруу пландалууда.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

“Ю. Абдрахманов №176- үйүнүн жашоочулары Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкуловго гүл бакча куруу өтүнүчү менен көп кабаттуу үйдүн маңдайындагы жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери башталды”, – деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, соода түйүндөрүнүн ээлери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү, алар үчүн шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпай турган башка жер каралат.

Киев көчөсүндөгү “Ордо” бизнес-борборуна чейинки бардык объекттер алынат.

Мындан тышкары, коомдук транспорт үчүн заманбап аялдама комплексин орнотуу пландалууда, жылуу бөлмө, жүздү аныктоочу видеокөзөмөл камералары менен коюлмакчы.

Иштеп жаткан долбоорлордун эскиздери (иллюстрациялык сүрөт).

Белгилей кетсек, буга чейин бузуу жөнүндө билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

328892761 1340526706498367 1352526103148849282 n Бишкекте гүл бакча куруу пландалууда
324026923 678921007365378 1217385237481222552 n Бишкекте гүл бакча куруу пландалууда
328258056 1316399529089449 8986828724687822763 n Бишкекте гүл бакча куруу пландалууда