УКМК: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды

“Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору – Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М. кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

WhatsApp Image 2023 01 14 at 12.22.10 УКМК: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды
      2023-жылдын 13-январында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М. кармалды.

      Э.Б.А. жана С.Дж.М. Кыргыз Республикасынын Т.И.А. аттуу жаранына Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жана анын ишенимине кирип, жеке кызыкчылыкты көздөп, андан ары КР Президенти С.Н.Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Ошол эле учурда Э.Б.А. жана С.Дж.М. мурда берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбай, Т.И.А. коркута башташкан.

      Учурда кармалгандар КР УКМК тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
КР УКМК жарандарды алдамчылык жана башка мыйзам бузуулар боюнча маалыматы болсо 0312660475; 0312626504 телефону аркылуу нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.
WhatsApp Image 2023 01 14 at 12.22.09 2 УКМК: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды
WhatsApp Image 2023 01 14 at 12.22.07 УКМК: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды
WhatsApp Image 2023 01 14 at 12.22.07 1 УКМК: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды