Өрт чыккан үйдө 11 бала тарбияланып жаткан, аларга жардам керек

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында өрт чыккан үй 11 бала тарбияланып жаткан фостердик үй-бүлөгө таандык болгон. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, 5 жаштан 14 жашка чейинки 11 бала тарбияланып жаткан фостердик үй-бүлө үйсүз калды.

“Кечээ Чүй районунун бийлиги жана айыл өкмөттө рү тарабынан аларга керектүү буюмдар берилди. Балдардын апасы элден бул боюнча кабатыр болбоону суранды. Ал болгону үйүн тазалап, калыбына келтирүүгө жардам сурайт”, — деди ал.

Ал белгилегендей, жардам берүүнү каалагандар +996 709 020 859 номуру аркылуу Гүлнурга кайрылса болот.

Өрт чыккан үйдө 11 бала тарбияланып жаткан, аларга жардам керек
Өрт чыккан үйдө 11 бала тарбияланып жаткан, аларга жардам керек
Өрт чыккан үйдө 11 бала тарбияланып жаткан, аларга жардам керек

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин четиндеги балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн билдирген.

Маалыматка караганда, 13-январда саат 19:00 чамасында Кара-Жыгач айылынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, саат 23:08 өчүрүлгөн.