Алтынай Ботоярова чуулгандуу көйнөгү үчүн кыргыз элинен кечирим сурады

Алтынай Ботоярова “Аалам периси” сынагында кийип чыккан көйнөгү үчүн кыргыз элинен кечирим сурады.

“Мен кийип чыккан көйнөк боюнча нааразылык пикирлер айтылыптыр. Ооба, сиздердин сын дагы туура, кыргызда кызды кадырлайт, урматтайт. Акылман Курманжандай энебизди чыгарган улуу элбиз. Мен сынды туура кабыл алып, кийип чыккан көйнөгүм сиздердин ачууңуздарды келтирсе, ал үчүн кечирим сурайм. Албетте, мен башка ойду айткым келген, болгону 18 жаштамын. Жаштык кылып балким жетиштүү деңгээлде ойлогон максатымды ачып бере албай калгандырмын. Бирок кыргызды сиздер канчалык жакшы көрсөңүздөр, мен андан дагы көп урматтайм”,-деди ал.

Ошондой эле, модель Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу” сынагына катышкандан кийин кызматташуу боюнча бир катар сунуштар түшкөнүн жазган.

“Мисалы, сынактан кийин мени калуумду, келишим менен иштөө сунуштары көп түштү. Бирок мен мекенимди тандадым, кыргыз элиме кайтып келем. Жакында Кыргызстанга келем, жакшы көз ирмемдер менен жолугалы, сүйүктүү колдочууларым. Баарыңыздарды сүйөм. Мен сынактан жеңиш камсыздай албай калдым, бирок Ак Мөөрдөй кыздарды чыгарган кыргыз элибизде далай сулуулар чыгат. Белгилей кетким келет, Орто Азиядан бул сынакка Кыргызстан гана катышууга мүмкүнчүлүк алды”,- деди модель Алтынай Ботоярова.

Эске салсак, 14-январда “Аалам сулуусу” деп 28 жаштагы АКШнын аруусу табылды. Аталган эл аралык сулуулар сынагына 84 өлкөнүн бийкечтери ат салышып, Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышкан.