“Эмоцияга алдырбашым керек болчу”: Жаныбек Абиров кечирим сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, катышкан мушташ боюнча кечирим сурады.

Ал өз билдирүүсүндө болуп өткөн окуя боюнча иликтөө ишине көмөк көрсөтүүгө жана жоопкерчилик тартууга даяр экенин жазган:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет.

Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм.

Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын”, – деп жазды Жаныбек Абиров.