Нарын шаардык мэриясы 76 млн сомго электроавтобус сатып алат

Нарын шаардык мэриясы электр менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Тендердин баасы 76 миллион сомду түзөт.

Бул суммага Нарын муниципалитети 250-300 чакырымга жете турган 5 электроавтобус алууну пландоодо. Ар бир унаада кеминде 17 жүргүнчү орун болушу керек.