Башкы прокуратура: Декларацияны талаптагыдай толтурбаган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды

Салык декларациясын талаптагыдай толтурбаган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө бербөөсү жана толук эмес маалыматтар менен берилгендиги боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренеси (“Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү”) менен 303 укук бузуу иши боюнча өндүрүштөр козголгон.

Белгиленгендей, алардын ичинен сот органдары тарабынан бүгүнкү күнгө карата 247 укук бузуу иштери боюнча чечимдер кабыл алынып, жалпы 1 млн 89 миң сом өлчөмүндө айыппулдар салынып, калган өндүрүштөр сот органдарында кароо стадиясында турат. Ал эми, салынган айыппулдардын ичинен бүгүнкү күнгө карата жалпы 851 миң сом төлөндү.

Укук бузуучулардын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер түзөт – 241, анын ичинде 174 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ал эми муниципалдык кызматкерлер – 62, 1 Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондорунун биринин башчысы (аким), 1 Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын башчысынын орун басары, 1 Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын башчысы жана башка мамлекеттик, муниципалдык органдардын жетекчилери да КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылышкан.