Шавкат Мирзиёев 26-январда Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-январда Кыргызстанга иш сапары менен келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) 17-январда билдирди.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу СӨП эки өлкөнүн бизнес кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландаштырууда.

Мирзиёев 2022-жылдын 10-декабрында Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк. Бирок анын иш сапары кийинкиге жылдырылган.