Мирзиёев Жапаровду Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

“Бул дата биздин мамлекеттерибиздин тарыхына бир тууган өзбек жана кыргыз элдери жалпы душманга каршы денеси жана жаны менен да баатырларча күрөшкөн согуштагы даңктуу жеңиш катары алтын тамгалар менен жазылган.

Адамзатка тынчтык, бейпилдик сыяктуу баа жеткис жакшылыктарды тартуулаган ардагерлерибизге, ата-бабаларыбызга жагымдуу шарттарды түзүп берүү бүгүнкү муундар үчүн боорукердик жана урмат көрсөтүү бир эле учурда милдет дагы, парз дагы”, — деп айтылат куттуктоодо.

Өзбекстан президенти ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы көп жылдык достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.