Садыр Жапаров Жеңиш күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады. Куттуктоосун өлкө башчынын басма сөз кызматы таратты.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен:

Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери!

Кымбаттуу оорук эмгекчилери!

Урматтуу мекендештер! 

Ата Мекенибиздин тарыхында эс тутумубуздан эч качан өчпөй турган орчундуу окуялар арбын. Алар биздин, бизден кийинки муундардын жүрɵгүндө түбɵлүк жашайт. Улуу Ата Мекендик согуштун оор жана капсалаңдуу жылдары, анан албетте, немецтик-фашисттик баскынчыларды жеңген күн – улуу Жеңиш күнү дал ушундай окуялардан болуп саналат.

                Согуштун азап-тозогун көрүп, анын бардык оор сыноолору менен кыйынчылыктарын баштарынан өткөргөн элдердин кан майданды кɵздɵрүнɵ жаш алып эскерүүсү бул окуянын адамзат тагдырына тийгизген тарыхый маанисин тастыктап турат.

                Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салганда кыргыз эли дагы четте калган эмес. Согуштун биринчи эле күндөрүндө Кыргызстандын аймагында кан майдан үчүн жаңы резервдерди даярдоо башталган. Кыргызстандыктар менен казакстандыктардан турган №316 Аткычтар дивизиясы түзүлгөн. Ал кийин И.В. Панфилов атындагы №8 Гвардиялык дивизия болуп өзгөртүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында Москва шаарын коргогон панфиловчу-жоокерлердин өзгөчө эрдиги дүйнө жүзүнө маалым. Дал ошол Дубосеково жолундагы кандуу кармаштан баштап Ата Мекендик согуштун нугу өзгөргөн. Ошол жерден, ошол күндөн тарта советтик аскерлер баскынчылардын мизин кайтарып, чабуулга өтүшкөн.

Кыргызстан Улуу Жеңишке жетүүгө чынында чоң салым кошкон: оорук эмгекчилери майданды ок-дары, азык-түлүк, кийим-кече, ал эми коргоо ɵндүрүшүн стратегиялык чийки зат менен үзгүлтүксүз камсыздап турган, ал эми Фрунзе жɵɵ аскерлер окуу жайы болсо офицердик кадрларды даярдаган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандык жоокер уул-кыздардын эрдиктери татыктуу бааланды. Фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн жүз элүү миңден ашуун командирлер жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, жыйырма бир кыргызстандыкка «Даңк» орденинин толук кавалери, ал эми жетимиштен ашуун биздин жараныбызга эң жогорку Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Чолпонбай Түлөбердиев, Исмайылбек Таранчиев, Калыйнур Үсөнбеков жана башка баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт! 

Кадырлуу калайык-калкым!

                Улуу Жеңишти камсыздоодогу жүз миңдеген жердештерибиздин эрдиктери, ооруктагы эмгекчилерибиздин каармандыктары Мекенге жан-дили менен кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп түбɵлүк кала берет!

                Кантсе дагы Улуу Жеңиш бизге орду толгус жоготуулар менен келди. Аталарыбыз, чоң аталарыбыз өз өмүрлөрүн берип, бизге тынчтык жана бейкутчулук тартуулашты. Алардын теңдешсиз эмгектери бизди Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоого милдеттендирет!

Улуу Жеңиштин сабактары Ата Журтубуздун алдында ар бирибиздин чоң жоопкерчилигибиз жөнүндө ар дайым эскертип турат. Ошондуктан, биримдигибизди чыңдап, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп турушубуз абзел.

Аталарыбыз, агаларыбыз кан күйгөн согушта бир гана нерсе үчүн – биздин бейпил турмушубуз, ачык асманыбыз үчүн жан беришкенин эгерим эсибизден чыгарбайлы! Көкүрөгүнө орден-медалдарды тагынган ар бир ардагер жөн эле согуштун катышуучусу эмес, ал – бизге жашоо бактысын тартуулаган чыныгы баатыр!

Урматтуу ардагерлер жана оорук эмгекчилери, сиздерге башыбызды ийип, таазим кылабыз!

Сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз!” деп айтылат куттуктоо текстинде.