Чоң Чүй каналына 6 жаштагы агып кеткен бала изделүүдө

Чоң Чүй каналынан 6 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  Чүй облусунун Сокулук району алдын ала маалымат боюнча Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй Каналына (БЧК) 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Кошумча издөө иштерине Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, №86123 аскер бөлүктөн 7 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 11 куткаруучу жана Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу ошондой эле Сокулук райондук ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды.

345285729 1500036567470180 6671949218577394811 n Чоң Чүй каналына 6 жаштагы агып кеткен бала изделүүдө
345459446 790716469210961 374527811468712458 n Чоң Чүй каналына 6 жаштагы агып кеткен бала изделүүдө