Германияда Кыргызстандын жараны кармалды

Германияда Кыргызстандын жараны «Ислам мамлекети» террордук уюмун колдоого айыпталып жатат. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, аны менен кошо Тажикстандын беш жана Түркмөнстандын бир жараны кармалган. Алар Германияда террордук уюм түзүүгө шектелүүдө.

«Жакынкы күндөрү сот кармалган жарандардын баш коргоо чарасын тандайт», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.