Тоо текени атып өлтүргөн мергенчиге жүз миң сом айып салынды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жапайы тоо текени атып өлтүргөн мергенчиге 100 миң сом айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жаратылышты коргоо боюнча өткөрүлгөн рейддин алкагында Ак-Суу районунун Сары-Жаз сырт өрөөнүнөн келе жаткан Ак-Суу районунун А.А.Т. аттуу тургунуна тиешелүү Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Унааны кароо жүргүзүү учурунда мыйзамсыз олжолонгон бир жапайы тоо теке табылып, жеринде 100 миң сомго айып пулга акт түзүлгөн. Чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Ак-Суу райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

whatsapp image 2023 01 18 at 11 52 12 768x587 1 Тоо текени атып өлтүргөн мергенчиге жүз миң сом айып салынды