Шайлообек Атазов: “Тааныш-билиш менен кызматка келгендердин запкысын эл көрүп жатат”

Бул жылы кадр маселесине өзгөчө көңүл буруу керек.

 Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат кадр маселесин кайра карап чыгуу сунушу менен президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

“Оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат,- дегендей, буга тиешелүү көңүл бурбасак, кесепети жаман болот. Жеке эле Майлуу-Сууда эмес, бардык шаарларда кадр маселесин караңыздар.

Тиешелүү жетекчилер ушул суук боюнча келип, маалымат беришсин. Себеби таяке-жээн, бөлөлөр менен иш орундарын ээлеп алышкан. Качан гана түтүк жарылып, эл митингге чыкканда гана көңүл бөлүнөт. Бул эмне деген кайдыгерлик? Бир жылдан бери кадар маселесинде тазалануу болбой жатат. Алдыңкы 4-5 адам кызматтан алынды, калганы ошол боюнча отурат. Мунун запкысын эл көрүп жатат”, – деди депутат.

Ошондой эле, эл өкүлү Экология министрлигинде кесипкөй адистердин бардыгын иштен алып салышканын мисал кылды.