Майлуу-Сууда эки отказан иштей баштады

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында №1 жана №4 отказан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары, “Кыргызнефтегаз” ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритүү иштерин аткарды. Жыйынтыгында жалпы 1 234 абоненттин 807 абонентине ысык суу берилди.

Суукта үзгүлтүккө учураган жылуулукту калыбына келтирүүгө жана шаар тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн жалпы 27 техника, 170 кызматкер тартылган. Анын ичинен жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 28 кызматкер, 10 техника кесепеттерди жоюу иштерин аткарып жатышат.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.