Депутат мигранттардын каражатынын бир бөлүгүн инвестиция катары колдонууну сунуштады

Депутат Жалолидин Нурбаев мигранттардын каражатынын бир бөлүгүн инвестиция катары колдонууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мигранттар өз өлкөсүнө абдан жакшы жардам берип, тактап айтканда, коронавирустук пандемия учурунда медициналык жабдууларды сатып алып, Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

“Мен биздин мигранттардан инвесторлорду түзүүнү сунуштайм: Министрлер кабинети аларга өз аймагынан жер бөлүп, алар каалаган компаниянын акционери боло алат. Мигранттар жылына 2,5-3 млрд. которушат. Бул каражаттын жок дегенде 1% инвестиция катары колдонулса, 25-30 миллион доллар алабыз. Эгерде бир өндүрүштү түзүүгө 1,5 миллион долларга жакын каражат сарпталса, жыл ичинде 25ке жакын жаңы ишкана ачууга болот», – деп белгиледи депутат.