Космосбек Чыдынов “Альянс” партиясы шайлоого акча менен эмес, акыл менен бара жатканын айтты

Космосбек Чыдынов “Альянс” партиясы шайлоого акча менен эмес, акыл менен бара жатканын Ош шаарынын эли менен жолугушканда айтты.
Ал шайлоочуларга кайрылуу жасап, добуш берүүдө жети өлчөп, бир кесүүнү суранды.
“Айылдарды түрө кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз. Айрымдарды “мурда баланча талапкер бул иштерди аткарып, мынча каражат берген” деп мактагандары да бар. Биз акча менен эмес, акыл менен келе жатабыз деп айтып жатам. Чөнтөгүңөрдү убактылуу беш тыйын менен толтурабыз дебей, 5 жыл ак иштеп берели деп аттандык. Бул жолу шайлоо башкача болот. Биз системаны буралы, акылыбызды, жан дүйнөбүздү, көрөңгөбүздү ачалы деп бара жатабыз. Урматтуу шайлоочу, бюллетенди урнага таштап жатканда “мен кимге жана эмне үчүн добуш берип жатам?” деп жок дегенде 10 секунд ойлонуңуз. 1000 сом эмес, элдин 5 жылдык тагдыры үчүн добуш берели деген түшүнүктү жаялы”, – деди Чыдынов.


АЛЬЯНС – 3  – БИР КҮЧ!
Космосбек Чыдынов – 35

photo1636801222 1 Космосбек Чыдынов “Альянс” партиясы шайлоого акча менен эмес, акыл менен бара жатканын айтты

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.