Ыдырыс Исаковдун үстүнөн “Азаттык” партиясы арыз жазды

“Азаттык” партиясы эркин журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды.

Аталган партиянын арызында Ыдырыс Исаков YouTube каналы аркылуу “партия Ош шаарынын борбордук аянтындагы шайлоочулар менен жолугушууда административдик ресурсту пайдаланып жатат деп жалган маалымат таратканы” айтылат.

“Азаттык” партиясы “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга таянып Ыдырыс Исаковдон YouTube каналы аркылуу төгүндөө материалын акысыз жайгаштырууну талап кылган. БШКдан журналистке 55 миң сом айып пул салууну өтүнгөн.

Муну журналист Ыдырыс Исаков “Азаттык” партиясынын арызын бет тырмачылык деп атады.

“Партия менин видеомду жалган деш үчүн милициянын корутундусун жокко чыгарып, жумуштан айдалган адамдарды кайра ордуна дайындаш керек. Ошондо да факт факт бойдон кала берет”, – деди Исаков.

Ыдырыс Исаков 3-ноябрда YouTube каналы аркылуу Ош шаарынын борбордук аянтына Ош университетинин педагогика факультетинин мугалимдери бир канча студентти “Азаттык” партиясынын талапкерлери менен жолугушууга алып барганы тууралуу материал жарыялаган. Бул факт боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, “экскурсия” деген шылтоо менен студенттер үгүт иш-чарасына катышканы тастыкталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-ноябрда шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгына байланыштуу Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу иштен алынганын билдирген.