Садыр Жапаровдун атынан Жалал-Абад облусунда ооз ачар өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун атынан Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул райондорунун жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынын тургундарына ооз ачар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Алар президенттин атынан сөз сүйлөп, Жалал-Абад облусунун жашоочуларын ыйык Рамазан айы менен куттукташты.