Токтогулдагы жол кырсык: 2 мугалимдин абалы оор, бирөө көз жумду

Фото: Turmush

Токтогул районундагы К.Чокоев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери жол кырсыгына учураган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 Учурда 2 мугалимдин абалы оор, 3 мугалим хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Тилекке каршы, мектептин математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева алган жараттарынан улам каза болду.

«Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул районунда мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгын терең кайгыруу менен кабыл алды.

Буга байланыштуу министрлик маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт»,-деп жазылат маалыматта.

TRAUR Токтогулдагы жол кырсык: 2 мугалимдин абалы оор, бирөө көз жумду