Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100 адам эвакуацияланды

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100гө жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 15-апрелдин түнүндө Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 23:58те өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

«Өрт аталган турак үйдүн 2-подъездинде 1-10-кабатка чейин орнотулган электр калканычынан чыгып, ичин түтүн каптагандыктан 100дөй адам эвакуацияланган. Тилсиз жоо 16-апрелге караган түнү саат 00:07де чектөөгө алынып, саат 00:48де толук өчүрүлгөн», — деп билдирет министрлик.