Нарында ымыркайды таштап кеткен эне изделүүдө

Фото иллюстративное

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургунунун үйүнө белгисиз бирөөлөр ымыркайды таштап кетишкен. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Акимдин орун басары Кенжегүл Карагулованын айтымында, Л.Б. аттуу айыл тургуну РИИБге кайрылып, 8-апрель күнү жаңы төрөлгөн баланы үйүнө таштап кетишкенин билдирген.

Ал кошумчалагандай, облустук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Осмоновдун катышуусунда дарыгерлер наристени медициналык кароодон өткөрүшкөн. Ал учурда Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө убактылуу жатат.

Аталган медициналык мекеменин дарыгерлеринин айтымында, ымыркай 10-15 күндүк кезинде ташталган.

«Акимчиликте тиешелүү адистердин катышуусунда бул жагдай боюнча талкуу болду. Социалдык камсыздоо бөлүмү документтерди даярдап, ымыркайды оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери карап жатышат.

Ал ортодо милиция анын апасын издеп жатат. Эгерде эне табылса, анда анын макулдугу менен ымыркайды ал ташталган үй-бүлөнүн карамагына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде энеси табылбаса, анда мыйзам боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайды Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар үйүнө өткөрүп беребиз.

Учурда РИИБ тергөө иштерин жүргүзүп жатат», – деди К.Карагулова.