Мечитке бара жаткан киши ымыркайдын сөөгүн таап алды

Фото иллюстративное

Араван районунда мечитке бара жаткан киши ымыркайдын сөөгүн таап алды. Бул тууралуу маалыматты Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү саат 09:30да Араван райондук ички иштер бөлүмүнө С.Юсупов айыл аймагына жакын жердеги талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган айыл аймагынын 59 жаштагы тургуну Курман айт майрамына карата намаз окуганы мечитке бара жаткан. Ал үйүнүн жанында үймөлөктөгөн иттерди көрүп, алардын жанына барганда жаңы төрөлгөн баланын сөөгүн көргөн. Аны мечитке алып барууну чечип, дароо милиция чакырган.

Керектүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралган. Окуяга тиешеси бар адамдарды издөө иштери уланууда.