Изделип жаткан Кенжебек уулу Жанарбектин сөөгү табылды

Сокулукта дайынсыз болуп изделип жаткан Кенжебек уулу Жанарбектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды.

Милиция толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Сокулук районунда 1990-жылы туулган Кенжебек уулу Жанарбек дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

8b3dedfc 6e73 44c5 a8fa d62affc04041 Изделип жаткан Кенжебек уулу Жанарбектин сөөгү табылды