Бир ай мурда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү Кеминдеги тоодон табылды

Чүй облусунун Кемин районунда 1 ай мурун дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кеминде жергиликтүү тургундар 3-мартта шаардын чыгыш тарабындагы тоодон кыздын сөөгүн табышкан.

«Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголгон 1999-жылы туулган Т.Э., болгон. Сөөктөн күч колдонуу белгилери табылган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча материалдар Кемин райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.