ВИДЕО: Степной айылында жайгашкан абакка телефон ыргыткандар аныкталды

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-мартында болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степной айылында жайгашкан ЖАКтын №2 – мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргытуу аракетин ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан алдын алынган.
Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин сырткы аймагында 1987-жылы туулган С.М.А. аттуу жаран негизги дубал аркылуу мекеменин ички аймагына ыргытуу жолу менен тыюу салынган буюмдарды киргизүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган. Кармалган жаранды тинтүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Тинтүү жүргүзүүнүн жыйынтыгында С.М.А.нын жанындагы чакан сумкасынын ичинен 8 (сегиз) даана уюлдук телефон жана 1 (бир) даана Мегаком уюлдук операторунун сим-картасы табылып, алынды.
Бул факты Аламүдүн РИИБнин тергөө ыкчам тобуна өткөрүлүп берилди
“, – деп айтылат маалыматта.
Кылмышка тиешеси бар адамдарды аныткоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 03 06 at 10.44.28 ВИДЕО: Степной айылында жайгашкан абакка телефон ыргыткандар аныкталды
WhatsApp Image 2023 03 06 at 10.44.27 ВИДЕО: Степной айылында жайгашкан абакка телефон ыргыткандар аныкталды