Бишкекте күйөөсү бар келинди ала качкан адам кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 4-мартта болгон. Белгисиз адам Калыс-Ордо конушунун тургунунун аялын унаага күч менен отургузуп, уурдап кеткен.

Бул фактыга байлданыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Аялды уурдаган кылмышкерди кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүп, шаардык жана Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери шектүү катары 22 жаштагы С.М. аттуу жаранды кармаган. Ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Иликтөө иштери уланууда.