Каныбек Иманалиев билим берүү министри болуп дайындалды

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Иманалиев Каныбек Капашович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 1-мартта Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин жактырган.  

24-февралда президент Садыр Жапаров Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Анын талапкерлиги билим берүү министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн көрсөтүлгөн.

Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Президенттин башка жарлыгы менен Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган.