Чүйдө наабайкананын ээсин карактап кеткендер кармалды

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү делип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге Ф.Э аттуу жаран арыз менен кайрылып, эки белгисиз адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал өз арызында 5-мартта саат 04:20 чамасында бычак менен куралданган эки жаран Маевка айылында жайгашкан нан жасалган бөлмөгө киришип, аны сабап, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, Samsung J-4 уюлдук телефонун жана 10 000 сом акчасын тартып алышканын жана андан соң кылмыш болгон жерден качып кетишкенин билдирген.

Бул факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Т.М., жана 1994-жылы туулган Э.Б. аттуу жарандар кармалган.

Алар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.