Аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен шектүүлөр кармалды

Базар-Коргондо түн ичинде аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну 2022-жылдын 16-декабрь күнү саат 05:00 чамасында телефон чалган. Анда 2022-жылдын 16-декабрь күнү саат 04:00 чамасында үйүндө 49 жаштагы апасынын бөлмөсүнө беткапчан адамдар киришип, апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 000 (үч жүз миӊ) сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.

Аталган маалымат ошол эле күнү Базар-Коргон РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

«Кылмыштын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1988-ж.т. М.Ш., Ноокен районунун 1999-ж.т. тургундары Ж.У. жана С.М. кармалышкан. Шектүүлөр 25-декабрда Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96, 97-беренелеринин негизинде Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

322383270 1902833480060204 1294605664631517636 n  Аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен шектүүлөр кармалды
322121304 722015699333511 7530052619603943570 n  Аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен шектүүлөр кармалды
322197378 889370975580380 944342834156169687 n  Аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен шектүүлөр кармалды