Бишкекте аял кишини карактап кеткен 4 шектүү кармалды

Бишкекте шаар тургунун карактап кеткен 4 шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-августта милицияга шаар тургуну (аял киши) кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 09:00до Балтагулов көчөсүндө белгисиз адамдар учтуу зат менен коркутуп, 50 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 29, 28 жана 25 жаштагы Б.Б., М.Д., Б.Н. жана Н.Б. аттуу жарандарды кармаган. Алар райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(707) 666 392, 0(508) 111 112 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

370259003 628200985965488 2586262669396340805 n Бишкекте аял кишини карактап кеткен 4 шектүү кармалды
370356562 628200989298821 818032675202937367 n Бишкекте аял кишини карактап кеткен 4 шектүү кармалды
370290594 628200995965487 8254696826349022523 n Бишкекте аял кишини карактап кеткен 4 шектүү кармалды
370358989 628200992632154 1881944374648748728 n Бишкекте аял кишини карактап кеткен 4 шектүү кармалды