Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрь — Билим күнүндө Бишкек шаарында өзү окуган А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназияга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

373570888 3752025118358275 1112502787792300566 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
370569194 3752024781691642 3947884760941289858 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
373575109 3752025255024928 8568709058364397087 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
370286694 3752024745024979 4765342151895533243 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
373545525 3752025271691593 2726855118770404853 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
373582610 3752025325024921 7135585138056701952 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
373608593 3752025301691590 6988209765259336865 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
373509344 3752025131691607 3550442802778952841 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
374630865 3752024801691640 6547581628259135942 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
370260646 3752024841691636 2613390761363035914 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту
373590415 3752025295024924 3739738549581551283 n Садыр Жапаров Бишкектеги өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту

Белгилүү болгондой, №1 интернат-гимназия 1956-жылы негизделген. Мекеме негизделгенден бери интернаттын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Былтыр Садыр Жапаров интернатта капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Жапаров өзү бул интернат-гимназияда 9-10-класста окуган. Окуу жайда ал окуу имараттарынын оңдоо иштеринен кийинки абалы жана окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамааты менен да баарлашкан.

«Садыр Жапаров интернатта өткөргөн күндөрү, алган билими анын бойго жеткен жашоосунда жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүдө кандай жардам бергени тууралуу айтып берди», — деп айтылат маалыматта.

Эмгек жамааты менен баарлашууда Жапаров мектеп мугалимдерин эскерип, жолугушууга катышып жаткан тарбиячысы Шайыр Бегалиевага кесипкөйлүгү жана эмгекти сүйгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

«Жарандардын билими мамлекеттин өнүгүшүнүн эң маанилүү пайдубалы жана бул пайдубал мектепте түптөлөт. Көп нерсе мугалимден көз каранды, балдарга берилген билим адам катары калыптанышына жардам берип, келечекке жол ачат. Билимдүү жаштар ар дайым ийгиликтерге жетип, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот. Өз кезегинде мамлекет ар бир жаран татыктуу билимге ээ болушу үчүн билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүп жатат», — деди ал.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров тарбиячысы Шайыр Бегалиевага келечек муундун билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырган.

Ал ошондой эле мугалимдерге келечекте бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын дагы жогорулатуу боюнча пландар бар экенин айткан.