Чет өлкөлүк жаранды карактоого шектелип издөөдө жүргөн 35 жаштагы жаран кармалды

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы бул туурасында Булак.кжге билдирди

2021-жылдын февраль айында Кызыл-Кыя шаарындагы «Газпром» спорт комплексинин алдында Өзбекстан Республикасынын Кувасай шаарынын 21 жаштагы тургунун ага бейтааныш болгон 2-3 бала кол телефонун жана чөнтөгүндөгү акчаларын коркутуп, тартып алып окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.


Бул факт ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаарынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каракчылык фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 6-декабрь күнү издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 35 жаштагы Г.М. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалды.
Кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы