Бекназаров 2023-жылдын февралына чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча тергөөнүн өтүнүчүн карады.

Соттун чечими менен ал 2023-жылдын 23-февралына чейин борбордогу СИЗО-1де камакта болот.

Сот отурумунан кийин Азимбек Бекназаров журналисттерге комментарий берди. Аны чыныгы эркектердин күнү – Ата Мекенди коргоочулар күнүндө коё берүүнү чечишти деп тамашалады.

23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды камакка алган.