Санарип министрлиги: Жусупбек Коргонбай уулу жакындарын жумушка алууну талап кылган

Жогорку Кеңештин 8-декабрындагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат районундагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери электрондук кезекке талон сатып жатканын айтып, Санариптик өнүктүрүү министрлигин эң коррупциялашкан орган деп атаган. Бул боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги эл өкүлүнө жооп кайтарды.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Ноокат районунун калкты тейлөө борборундагы кызматкер электрондук кезек талондорун саткан факты боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул маалымат тастыкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.

“Кызматкерлер калкты тейлөө борборундагы  аппараттарын үйлөрүнө алып барып, ошол жерде документтерди даярдашат» деген сөзгө келсек, бул техникалык жактан мүмкүн эмес, анткени автоматташтырылган системалар коопсуз VPN каналдары аркылуу иштейт жана маалымат базасына кирүү катуу чектелген. Мамлекеттик маанидеги документтерди персонификациялоо мамлекеттик персонификациялоо борборунда гана жүргүзүлөт (паспорт, айдоочулук күбөлүк), ЗАГСтын документтери ДРНнын адистери тарабынан жеринде басылып чыгарылат.

Бул калкты тейлөө борбору 2021-жылдын 25-майынан бери иштейт. Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган жана борбор күнүнө 200-400 арыз берүүчүнү кабыл алууга эсептелген. Белгилей кетсек, акыркы убакта аймактык калкты тейлөө борборлорунда электр жарыгы бат-баттан өчүрүлүп, элди тейлөөгө терс таасирин тийгизүүдө», — деп билдиришти министрликтен.

Министрлик депутат Жусупбек Коргонбай уулу тааныштарын кызматка орноштурууну талап кылып, бирок терс жооп алганын белгилейт.

“Кечээ парламенттин трибунасынан Санариптик өнүктүрүү министрлигин эң коррупциялашкан орган деп айттыңыз. Сиз МККда 2707 кызматкер бар экенин билесиз жана алардын ар бирин коррупцияга айыптадыңыз. Сиз мандатка жамынып алып, өз ишин абийир менен аткарып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген кызматкерлерди караладыңыз. Мындай далилсиз айыптар үчүн жооп беришиңиз керек.

Тааныштарыңызды ар кандай мамлекеттик кызматтарга орноштуруу талабы менен менин кызматкерлеримен талап кылганыңызды эсиңизге салайын. Бирок, силердин мындай сунушуңуздан баш тарктанбыз. Сиз лоббистсиз, шайлоочулардын кызыкчылыгы үчүн иштебейсиз. Сиз өз кызыкчылыктарыңыз үчүн иштейсиз”, — деп айтылат маалыматта.