Министрдин көзөмөлүндө: Колунан ажыраган ымыркайдын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Бул маселе боюнча КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул маселе министрдин көзөмөлүндө. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет»,-деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин социалдык тармактарда Токтогулдук дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай колунан ажырады деген маалыматтар тараган.

Эске салсак, Токтогулда дарыгерлер жаңы төрөлгөн балага укол сала албай сыртына кетирип коюшуп, кайра кармап олтуруп алышып, акыры болбой калганда Бишкекке алып келишкен. Бишкектеги Жал кичи районунундагы балдар ооруканасынын дарыгерлери урушуп, аргасыз бөбөктүн колун кесилгени маалым болду.

Мындай учурда тиешелүү дарыгерлер жоопко тартылбаганы сындалууда.

image 3 2 Министрдин көзөмөлүндө: Колунан ажыраган ымыркайдын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө