Араванда 1 жаштагы наристе каналга чөгүп, чарчап калды

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Маңгыт айыл аймагынын Кесек айылында 2021-жылы туулган З. уулу Б. аттуу кичине бала каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кичине баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.