Акжол Махмудов эл аралык мелдеште килемге чыгат

Казакстанда өтүп жаткан эл аралык мелдештин экинчи таймаш күнүндө, 3-июнда дагы 7 комплект медаль ойнотулат.

2-июнда Алматыда Болат Турлыханов Кубогунун 2022-жылдагы экинчи рейтингдик турнири башталды.

3-июнда грек-рим күрөшү боюнча 3, кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 комплект медаль ойнотулат.

Килемге Кыргызстандан 4 спортчу чыгат. Алдын ала раунддун беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да башталат.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште Жоломан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков коло медалга ээ болушту.