Жоламан менен Акжол аргымак минди

Таласта кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовго аргымак тартуу кылышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

«Талас эли кыргыздын желегин желбиреткен Дүйнө чемпиондору Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовго аргымак мингизиптир. Спортчуларыбызды ушинтип эле ар дайым колдоп-коштоп, ар тараптан дем-күч берип жүрө берели», — деп жазды Алина Жапаркулова.