Акжол Махмудов Роман Власовду жеңип алды

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов атаандашы Роман Власовду жеңип алды.

Бүгүн Алматы шаарында күчтүү балбандар — кыргызстандык Акжол Махмудов менен россиялык Роман Власов беттешти.

Белгилей кетсек, беттеш Алматы шаарында Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында өтүп жатат.

Акжол Махмудов- дүйнө чемпиону, Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Роман Власов — Олимпиада чемпиону (2012, 2016), Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону.