Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргызстандыктардын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланып, миграция жаатындагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алгач Россия Федерациясына жасаган расмий сапары тууралуу сөз кылган төрага Нурланбек Шакиев: “Жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын ичинен соода жүгүртүүгө тоскоолдук жараткан жагдайларды чечүү, Россияда эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу менен тиешелүү жеңилдиктерди берүү маселелери талкууланды”, – деди.

Суроо-жооп иретинде өткөн баарлашууда каттоого туруу, төрөлгөн балдарга документ алуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү, ар кандай себептер менен абакка түшүп калгандарды мекенине экстрадициялоо, каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү жана айрым маркумдарды Россияда жерге берүү үчүн атайын жай бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу маселелери айтылды.

Бардык суроолорго жооп берген Нурланбек Шакиев айтылган ар бир көйгөй менен тааныш экенин айтып, Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен өткөрүлгөн жолугушууларда айрым маселелерди көтөргөнүн кошумчалады.

“Биз тарыхый байланышы терең, жакын мамлекет эле эмес, өнөктөш өлкөбүз. Андыктан, бизде жасалма чектөөлөр, ар кандай тоскоолдуктар болбошу керек”,– деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Муну менен катар эмгек мигранттарынын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы өтө чоң экенин белгилеген төрага: “Акыркы жылдары мамлекетибизде маанилүү реформалар жүрүп, өнүгүүгө багытталган олуттуу кадамдар жасалды. Маяналар көтөрүлүп, калктын социалдык турмушун жакшыртуу жаатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Буйруса, көптөгөн жумушчу орундары түзүлүп, эмгек мигранттарыбыз да өз мекенине кайтчу күн алыс эмес”, – деди.

Андан тышкары, Корея Республикасынын Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешине депутат болуп шайланган Айсулуу Аширалиеваны мисал кылып: “Россия жергесинде да эмгеги менен эл ишенимине ээ болгон улан-кыздарыбыз арбын чыксын”,– деген тилегин билдирди.

260423110535 01 3 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
260423110526 25 8 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
260423110537 34 3 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
260423110529 28 7 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
260423110527 26 7 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
260423110541 38 3 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
260423110522 24 8 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
260423110525 23 8 Шакиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту