Нурлан Шакиевдин иниси Бишкектин Ленин районуна аким болду

Жыргалбек Шакиев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Белгилүү болгондой, Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин иниси болуп саналат. Ал буга чейин Аксы (Жалал-Абад) жана Чүй районунун акими болуп ишгтеген.

mycollages 21 1 1200x630 1 Нурлан Шакиевдин иниси Бишкектин Ленин районуна аким болду