Кытайда абанын температурасы 52 градустан ашты

16-июлда Кытайдын түндүк-батышындагы алыскы шаарчада абанын температурасы 52 градустан ашты. Бул өлкөдөгү жаңы рекорд болуп саналат.

Reuters агенттиги жазгандай, Синьцзян автономдуу районундагы Турфан ойдуңунда жайгашкан Саньбао шаарчасында абанын температурасы 52,2 градуска чейин көтөрүлдү. Мындай аба ырайы 5 күн сакталары күтүлүүдө.

Буга чейин Кытайда эң ысык күн 2015-жылы катталган. Ал кезде аба 50,3 градуска чейин ысыган. Кытайда узакка созулган ысык аба ырайы энергетика системасына жана эгиндерге коркунуч жаратты. Быйыл соңку 60 жылдагы эң кургак мезгил болору күтүлүүдө.

Ушул кышта Кытайда абанын температурасы 53 градуска чейин төмөндөп, өлкөдө 1969-жылы катталган рекорд (52,3°C) жаңыланган.

Ошондой эле Кытайдын борбордук бөлүгүндө жаан көп жаап, буудай талааларына зыян келтирди.