Ошто өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял киши куткарылды

Оштогу көп кабатуу үйдүн батиринде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял киши куткарылып калды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан батирде 1973-жылы туулган Т.М. аттуу аял киши бөлмөнүн ичинде кулпуланып алып өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

“Жерине 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда жогору аталган аял уктап жатканын аныкталып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы»,-деп жазылат маалыматта.