Чүй: Абакта эки соттолгон жаран ичимдик ичип, чырдан улам бири экинчисине бир нече жолу бычак сайган

Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Бул иш Свердлов райондук сотунда каралып, өкүм 15-февралда чыккан.

Соттун токтомунда айтылгандай, Мирбек аттуу айыпталуучу (аттары өзгөртүлдү) Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинде 2019-жылдан бери жазасын өтөп келе жатат. Ал 2019-жылдын 29-ноябрында Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (2017-жылдагы кодекс) боюнча күнөөлүү деп табылып, тогуз жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр 13-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:10до абактагы эки жаран — Мирбек менен Тилек №1 мекеменин стадионунда ичимдик ичип отуруп, чырдаша кеткен. Натыйжада Мирбек Тилекти өлтүрүү максатында, ага бир нече жолу бычак сайган. Тилек ооруканага түшкөн.

Соттук отурумда Мирбек күнөөсүн мойнуна алган. Тергөө маалындагы суракта айткандары туура экенин билдирип, соттук отурумда көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Ал тергөө учурунда билдиргендей, былтыр 12-ноябрда болжол менен саат 19:00до Тилек менен абактагы стадиондо жолугушуп, ичимдик ичишкен. Бир маалда ортодо кайым-айтыш башталып, экөө мушташа кеткен. Ошол учурда Тилек аны жана апасын сөгө баштаган. Мирбек ага чыдабай, «дагы бир жолу мени жана апамды сөксөң, сени өлтүрөм» деп айткан. Жабырлануучу сөгүнгөнүн токтотпой, аны өлтүрө албай турганын айткан. Андан кийин айыпталуучу ордунан туруп, өзү жашаган жерге барып, бычак алып келген. Ал бычакты жабырлануучунун алдына ыргытып, «жасай алсаң, жаса» деген. Жабырлануучу бычакты кайра артка ыргытып, «эгер жасай албасаң, ким экениңди билесиң» деп, сөгүнгөнүн токтоткон эмес. Жыйынтыгында ал чыдабай, жабырлануучуга бир нече жолу бычак сайган. Ал бычак сайып жатканда, жабырлануучу «жардамга» деп кыйкырган, андан кийин «тамеки берчи» деп тамеки сураган.

Бычак сайгандан кийин Тилек жерде жатып калган. Ал жабырлануучуга турганга жардам берип, отургучка отургузган. Андан кийин тамеки алып келгени кеткен. Жолдо баратып колундагы бычакты ыргытып салып, колун жууган. Дүкөнгө барып, тамеки алып, кайтып келе жатканда, Тилек бирөөлөрдүн коштоосунда медициналык бөлүмгө кирип бара жатканын көргөн. Андан соң ага абактын кызматкерлери келгенде, ал Тилекти бычак менен сайганын айткан.

Соттук отурумда жабырлануучу билдиргендей, окуя учурунда мас болгондуктан, эмне болгону эсинде жок. Ошол мезгилдери депрессия болуп жүргөндүктөн, өзүнө-өзү бычак сайган болушу мүмкүн. Айыпталуучуга эч кандай доосу жок.

Сот тараптарды угуп, Мирбекти Кылмыш-жаза кодексинин 37-177-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча күнөөлүү деп таап, тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда, айыпталуучунун 5 жыл 9 айлык жаза мөөнөтү бар болгондуктан, эки мөөнөттү бириктирүү менен жалпы жаза мөөнөтүн 10 жыл деп белгилеген.