Талас облусунда 8 кг ашык баңгизат сатууга аракеттенген жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-февраль күнү КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагында “М” аттуу жаран баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иштин натыйжасында, 2023-жылдын 8-февраль күнү саат 15:30 чамасында Талас облусунун Кара-Буура районунда өз үйүндө сатууга аракет кылып жаткан Ж.М. аттуу шектүү жаран кармалган. Кармалган жарандан “марихуана” табылып алынган.
Кармалган Ж.М. баңгизатын ар бир килограммы 60 миң сомго сатууга аракет кылгандыгы аныкталган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу 8 кг 789 гр. Индиялык “марихуана” болуп аныкталган.
КР Жаза-процесстик кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде кармалган Ж.М. Ош шаарынын ИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилген
“, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда бул баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

3 Талас облусунда 8 кг ашык баңгизат сатууга аракеттенген жаран кармалды
4 Талас облусунда 8 кг ашык баңгизат сатууга аракеттенген жаран кармалды
WhatsApp Image 2023 03 06 at 08.11.28 Талас облусунда 8 кг ашык баңгизат сатууга аракеттенген жаран кармалды