
Жаныш жана Максим Бакеивдер Кыргызстанга келсе чек арадан кармалып, дароо камакка алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров айтты.
Өлкө башчысы менен маек курган Super.kg качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси менен уулу экономикага миллиондогон доллар акча салууну убадаласа Кыргызстанга ээн-эркин келе алар-албасын сураган.
“Жаныш жана Максим Бакиевдерге карата сот чечим чыгарган, алар өмүр бою эркинен ажыратылды. Өкүм күчүндө, аны эч ким өзгөртө албайт. Келишсе, дароо түрмөгө камалат”, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле эл арасында айтылган Максим Бакиев Кыргызстанга жашыруун келип кетти деген кепти четке какты. Өлкө башчынын айтымында, мындай сөздөрдү чет өлкөдө качып жүргөн, өздөрүн блогер же журналистпиз деп атап алгандар таратып жүрөт. “Аларга ишене бербегиле” деди президент.





