
Бишкекте №195 каттамдагы автобус менен кроссовер сүзүшүп, коомдук транспорт тротуарга чыгып кеткен. Окуянын видеосу соцтармакта тарады.
Кырсыктын кесепетинен тротуарда бараткан бир үй-бүлө автобустун алдында кала жаздаган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
Окуя кечээ Ахунбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаа менен кагылышкандан кийин автобус жолдон сүрүлүп, тротуарга чыгып кеткен.
Милициянын кайгуул кызматы кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.






