
«Тазалык» муниципалдык ишканасы бишкектиктерге кыймыл күчөгөн убакта жолдордогу таштанды ташыган унаалардын санын азайтуу максатында таштандыны саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт.
Ишканадан билдиришкендей, бул чара турмуш-тиричилик калдыктарын чыгарууну оптималдаштырууга жана борбор калаанын көчөлөрүндөгү транспорттук жүктү азайтууга багытталган.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын бул сунушту эске алууга чакырат. Бул коммуналдык кызматтардын үзгүлтүксүз иштешине көмөк көрсөтүп, борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол кыймылына түшкөн жүктү азайтууга шарт түзөт.






